Коом

ВИДЕО: Каракол шаарында зомбулука каршы жөө жүрүшү өткөрүлдү

Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен зомбулукка каршы күрөшүүнүн 16 күндүк акциясынын алкагында, жаш өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алуу максатында орто окуу жайларынын жогорку класстарынын окуучуларынын жөө жүрүшү өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Зордук-зомбулуктардын ар кандай түрлөрүнө каршы күрөшүүнү символдоштурган  кызгылт сары түстөгү шарларды жана чакырыктарды чагылдырган плакаттарды 150гө жакын кармашкан окуучулар, шаардын борбор көчөлөрүнөн өтүшүп, өспүрүмдөрдүн эртеңки келечегине кайдыгер мамилесинен алыс болуу үчүн коомчулуктун көңүлдөрүн бурушту. Жөө жүрүш облус борборунун борбор аянтында аяктады.

Борбор аянтта милиция кызматкерлери окуучулар арасында кылмыштуулук жаштарга кандай терс таасирин тийгизери жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрүп, профилактикалык мүнөздөгү маалымат баракчаларын таратып беришти. Ошондой эле, өз курактагы балдарды жаш өспүрүмдөр арасындагы зомбулукту болтурбоо максатында, иш чарага катышкан окуучулар балдарга жардам берүү борборунун иши менен таанышышты.

Иш чарага катышкан укук коргоо жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жаштарды турмуш жолун туура тандоого жана коомчулука жат болгон көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырып кетишти.    

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button