ААК «Мамлекеттик ипотекалык компания» Ош шаарынын мэриясы менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту
2021-жылдын 3-декабрында «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында жана Ош шаарынын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКнын Башкармалыгынын Төрайымы Тологонова Аида Бейшеналиевна менен Ош шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбекович кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту.
Меморандумда Ош шаарында турак жайдын капиталдык курулушун ишке ашыруу жана турак жай фондун өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташуу каралган. Ошондой эле, кол коюлган документтин алкагында, тараптардын Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык түзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Ош шаарында ипотекалык программа ишке ашырылып, аны Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ишке ашырууда. Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуна ылайык «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасын ишке ашырууда Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы кредиттөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын атынан иш жүргүзөт.
Кошумчалай кетсек, Ош шаарынын мэриясы Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырып жаткан турак-жай программасынын алкагында көп кабаттуу турак жай куруу үчүн Ош шаарынан жер тилкесин берип жатат. Документтерди даярдоону жана курулушту көзөмөлдөөнү да Ош шаардык мэриясы өз мойнуна алат. Өз кезегинде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы турак жай программасынын катышуучуларын андан ары турак-жай менен камсыз кылуу үчүн курулушту толук каржылоону камсыздайт.
Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасы бекитилип, 16-сентябрында Программаны каржылоо башталып мамлекеттик бюджеттен 500 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүндү, мындан тышкары «МИК» ААКнын жүгүртүүдөгү каражаттарынан 500 млн. сомдон ашык каражат бөлүндү.
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания 950 млн. сомдон ашык суммага ипотекалык насыя берди. Жылдык пайыздык чени 4% «Жеңилдетилген ипотека»(Льготная ипотека) багыты боюнча (бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн) 776 млн. сомдон ашык суммага, 297 ипотекалык насыя берилди. Жылдык пайыздык чени 8%дан «Жеткиликтүү ипотека»(Доступная ипотека) багыты боюнча (жарандардын бардык категориялары үчүн) 173 миллион сомдон ашык суммага 63 ипотекалык насыя берилди.
Мамлекеттик турак жай программасын каржылоо башталгандарн бери(октябрь, ноябрь 2021) «МИК» ААКсынын ипотекалык насыялоосунун аркасында республика боюнча 360тан ашык үй-бүлө турак жайлуу болушту.
Тараптар жемиштүү кызматташтыкты күтүшөт.



