УКМК Каракол шаарындагы кесиптик лицейде жасалма аттестаттарды бергендерди аныктады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү жана аны жоюу боюнча иш-чаралардын алкагында КР УКМК Каракол шаарындагы Ж.Тойгонбаев атындагы №2 кесиптик лицейин бүтүргөндүгү тууралуу жасалма аттестаттарды системалуу түрдө берүү жолго коюлганын аныктады.


Жарандардын окуусун документтештирүү үчүн УКМК мамлекеттик чек араны кесип өткөн бүтүрүүчүлөр боюнча текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары узак убакыт бою жүргөн жана тиешелүү экзамендерди тапшырган учурда жок болгон студенттер аныкталды.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында студенттердин иш жүзүндөгү билимине тиешелүү анализ жүргүзүү үчүн бүтүрүүчүлөрдүн керектүү архивдик документтери алынган.
Учурда КР УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



