Коом

Бишкектеги мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо чаралары жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринин коопсуздугун камсыздоо жана коопсуздук чараларын жогорулатуу максатында, 2023-жылдын 6-декабрь күнү Ленин райондук администрациясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору менен жолугушуу болуп өттү.


Иш-чарага Ленин райондук билим берүү борборунун башчысы Таалайгуль Темирканова катышып, чогулушта ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Момбеков мектеп директорлоруна, билим алуу учурунда окуучулардын, мугалимдердин жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукту алдын алууда куралдуу милиция аркылуу кайтарылышы канчалык пайдалуу экендиги жана Күзөт кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Белгилей кетсек, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын бөлүктөрү республиканын бардык аймактарында мектептерин милиция кызматкерлери менен кайтарууга өткөрүү чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button