Шаардык кеңештин спикери депутатты сабап салды
Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин спикери депутатты сабап салды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирмеге ылайык, 15-апрель күнү саат 16.30дар чамасында милицияга 57 жаштагы Х.Р аттуу жаран денесинен жаракат алып, райондук ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Жабырлануучу келген ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлерине спикер Н.А. шаардык мэриянын жыйындар залында сабап салганын айтып, ага чара көрүүнү суранган.
Аталган факты катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда күбөлөр аныкталып, суракка алынып, тергөө иштери уланууда.
24.kg маалымат агенттиги жабырлануучу депутат Рустам Хатамов, ал эми спикер Абдырахман Назаров экенин жазып чыкты . Белгилей кетсек, ачык маалыматтар боюнча Абдырахман Назаров ММА мушкери болгон.



