Окуялар
Бишкекте KICB банкынын имаратынан өрт чыкты

Бишкекте банктардын биринен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан банктардын биринен өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн
Өрттү өчүрүүгө саат 12:39дан тарта 3 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылып, жеринде иш алып барууда.
Кошумча саат 13:00дө ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун бир унаа менен 2 офицер, 1 дрон тартылды.
Кошумча маалымат берилет.



