Жалал-Абадда жер көчкү активдешип, 10 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлүүдө

Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында эски жер көчкү активдешкени байкалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Буга байланыштуу учурда кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө.
Жеринде ӨКМдин КжАКБнын башчысы А.Сулайманов, Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Закиров, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси райондук Жарандык коргоо кызматтары тартылып, кырдаалды жеринен көзөмөлгө алышууда.
Үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүнүп, коопсуз аймакка чыгарылууда.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 1020 кооптуу аймакта 1067 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келишүүдө. Жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде башкармалыктын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курамы тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга эскетүү баракчалары берилет.



