Коом

Ошто 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-майда саат 19:48де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында — 3,5 баллга, Өзгөн шаарында, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Кара-Дөбө, Шералы, Кароол, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында — 3 баллга, Мырза-Аке, Ак-Жар, Большевик, Куршаб, Ничке-Сай айылдарында — 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button