Коом
Бишкекке курула турган футбол стадионунун эскизи даяр болду

Анын архитектуралык дизайны боз үйдүн элесин берет.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев долбоор белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалганын билдирди.
45 миң орундуу стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана автоунаа токтотуу жайлары болору көрсөтүлгөн.
Курулуш иштерин Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алган.



