Коом
“Кыргызжылуулукэнерго» келерки кышка чейин 30 отказанды жаңылоону пландады

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынынын филиалдарында 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата 30 отказанды жаңылоо планадалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкананын «Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы» филиалы тарабынан Беловодск, Нарын, Каракол, Жалал-Абад, Таш-Кɵмүр, Кара-Кɵл филиалдарына ар кандай кубаттулуктагы 24 даана «ВОССТ-М» маркасындагы отказандарды жасап, филиалдарга жеткирип, орнотуп берүү пландалууда.
Ал эми калган 6 даана отказанды Россиядан Кара-Балта филиалына 3, Токмок филиалына 1, Талас филиалына 1 жана Майлуу-Суу филиалына 1 даана сатып алуу пландалууда.



