Баткенде тажик тарапка кирип кеткен жылкы Кыргызстанга кайтарылды

2023-жылдын 23-март куну тунку саат 02:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын 37 жаштагы тургунун 8 жашар жылкысы байланып турган жеринен бошонуп кетип, коңшулаш тажик Республикасыныннын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан айыл аймагына кирип кеткен.
Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 6-апрель күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен жылкысы кайтарылып, өз ээсине тапшырылды.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.



