Коом

Коронавирустан бир адам каза болуп, 40 адам жуктурду. Статистика

Бир суткада өлкөдө 40 адамдан коронавирус аныкталып, 50 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 14;

Чүй облусу – 9;

Ысык-Көл облусу – 8;

Жалал-Абад облусу – 7;

Баткен облусу – 2.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 184 592ге жетти. Анын ичинен 179 730 киши дартты жеңген. Тилекке каршы, оору бир адамдын өмүрүн алып, жалпы көз жумгандардын саны 2 799га жетти.

Азыркы тапта стационарда 266, ал эми амбулатордук шартта 312 адам дарыланып жатат. Өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 7 092 адам өткөн. Анын ичинен 3 677си биринчи дозаны, 3 415 адам экинчи компонентти алганы айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button