Коом
Дыйкандарга дизель отуну 65 сомдон сатылууда

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге дизель отуну 65 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Дыйкандарды мамлекеттик колдоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Red Petroleum компаниясы аркылуу дыйкан-фермерлерге 65 сомдон 3 млн литр дизель отуну берилип жатат.
“Жакын арада кошумча дагы 3 млн литр дизель отуну берилет”, — деп айтылат маалыматта.



