Окуялар

Ысык-Көлдө өрттүн кесепетинен үч наристе көз жумду

Ысык-Көлдө өрттүн кесепетинен үч наристе каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 29-декбарда саат 15:15тер чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрт өчүрүүчү 1 бөлүм тартылып, өрт толугу менен саат 22:33тө өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен үч кичинекей бала ( 2 жаштагы эки кыз жана 5 жаштагы бала) каза болгон. Болжол менен аянты 105 чарчы метр турак үй толук күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button