Окуялар

ВИДЕО: Караколдо мыйзамсыз ок атуучу курал сактаган жаран кармалды

«Арсенал» операциясынын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБдин КМКнын кызматкерлерине Каракол шаарынын тургуну, үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралын сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат областтык милициянын маалымат электрондук каттоо журналына катталып, тийиштүү тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү адамдын өздүгү аныкталган. Ал, шаардын 44 жаштагы тургуну А.А. болуп чыкты.

Мыйзамдуу тинтүү иштеринин жүрүшүндө, анын үйүнөн чачылган түрдө белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал, ошондой эле 5,45 мм. калибриндеги 4 даана жана кичи калибрдеги 3 даана октор табылып алынган.

Андан тышкары, «Арсенал» операциясынын алкагында Ысык-Көл ОИИБдин КМКнын кызматкерлери тарабынан 36 жаштагы Түп районунун тургунунун үйүнөн 7,62 мм. калибриндеги 20 даана октору табылып алынды.

Аныкталган 2 факты боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн областтык милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды,- деп айтылат    Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов берген маалыматта.

 
 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button