Коом
Кыз ала качып бараткан үч жигит Сосновка постунан кармалды

Кечээ 24 жаштагы кызды ала качып бараткан үч жигит кармалды. Милицияга бул тууралуу маалымат 5-декабрь саат 21:20лар чамасында түшкөн. Кызды алып бараткан 28, 30 жаштагы жигиттер “Сосновка” постунан кармалып, Бишкек шаардык милицияга жеткирилген.
Ала качуу оор кылмыш катары квалификацияланат. Жабырлануучу арыз жазбаса да иш козголуп, тараптар жарашса дагы күнөөлүү жоопкерчиликтен бошотулбайт. Кылмыш иши токтотулбастан сотко жөнөтүлөт. Күнөөсү далилденсе 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.



