Дүйнө

Казакстандагы абал. Токаев казак өкмөтүнүн отставкасын кабыл алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу Акорда кабарлады.

Бул жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирмекчи.

Маалыматка караганда, премьер-министрдин милдетин убактылуу Алихан Смаилов аткарып турмакчы. Ал эми өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекимейинче иштеп турат.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.

Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 тенгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын оргосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.

Ошол учурда президент Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button