Коом
ВИДЕО: Викрам Рузахунов Кыргызстанга кайтарылды

Бир нече маалыматтык агенттиктер массалык баш аламандык учурунда Казакстандан кармалган биздин жаран джаз музыканты Викрам Рузахунов абактан кое берилди деп билдиришкен.
Кыргыз Республикасынын ТИМнин, ИИМдин жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында Викрам Рузахуновдун кое берүү тууралуу макулдашууга жетишишкен.
Азыркы учурда Викрам Рузахунов Кыргызстанга өз үйүнө кайтып келди. Кыргыз-казак чек арасында аны укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.,-деп билдир ИИМдин Басма сөз кызматы.
Видеодо музыкант Кыргызстан милициясына, УКМКга, элчиликке жана элге ыраазычылыгын билдирди.



