Коом

Бишкекте куткаруучулар оңдоп жаткан унаасы басып калган жаранды куткарышты

Бишкекте куткаруучулар оңдоп жаткан унаасы басып калган жаранды куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунун Кербез көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 1985-жылы туулган А.А аттуу эркек киши Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны оңдоп жаткан учурда домкраты бузулуп, басып калган.

Маалымат «112» кызматына түшөрү менен 5 куткаруучу ыкчам түрдө жерине барып, жардам көрсөтүү менен адам өмүрүн сактап кала алышты.

Андан соң куткаруучулар жабыркаган жаранды Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен. Дарыгерлер анын абалы орто экендигин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button