Коом
Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт

Бүгүн, Бишкектин бир нече көчөлөрүндө 29-сентябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин убактылуу суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматкери билдирди.
Маалыматка караганда, өчүрүү зонасына турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттер кирет.
Өчүрүү аймагы:
Анкара көчөсү — ЧЧК, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы, Октябрь көчөсү.
КХБО суу алгычын оңдоо үчүн суу берүү үзгүлтүккө учурайт.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.



