Коом

Бек Борбиев: Өнүккөн өлкөлөрдө жандыктардын баарына салык төлөп, паспорт алышат

Мал-жандыкка салык төлөөнү колдойм. Анткени, өнүккөн өлкөлөрдө жандыктардын баарынын паспорттору бар. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев билдирди.

«Малга документ ал, салык төлө десе күлөбүз. Бизге эмнегедир күлкү, а өнүккөн өлкөлөрдө мал жандын баарына, дегеле үй жаныбарларынын баарынын паспорттору бар, жана ар бир башына салык төлөшөт.

Керек болсо, өнүккөн өлкө болобуз десеңиз, анда мышыгыңызга дагы салык төлөшүңүз керек.

Бул жерде аң сезим гана негизги роль ойнойт. Аң сезим жете элекпи, анда бул маселени кийинки бир убака жылдырып турушубуз керек. Балким, балдарыбыз же неберелердин убагында аң сезимибиз бышып жетилсе, коом кабыл алат.

Паспорту менен жаныбарлар бул — таза кандуу деп түшүнсөк болот. Анткени ата-теги жазылып турат, туугандык кандар аралашпайт. Демек, ден соолуктары чың, эттүү, интеллект көрсөткүчтөрү бийик ж.б болоорун билебиз.

Андыктан достор, тандоо колубузда. Өнүккөн тарапка ыктайлыбы же ага даяр эмеспизби?

Бул маселени тереңдеп билгендин ордуна күлөбүз го. Демек өтө эле алыс окшойбуз», — деп жазган Эл артисти.

Эскерте кетсек, кечээ, 3-ноябрда депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында жылына койлорго 100 сомдон, жылкыларга 250 сомдон салык салууну сунуштаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button