Коом

Аскат Алагөзов «Эркин Европа/Азаттык радиосунун» жаңы дайындалган вице-президенти менен жолукту

Бүгүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанга сапар менен келген «Эркин Европа/Азаттык радиосунун» жаңы дайындалган вице-президенти Никола Карим менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Бүгүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын имаратында Кыргызстанга сапар менен келген “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жаңы дайындалган вице-президенти Никола Карим менен жолугуштум.

Баарлашуунун жүрүшүндө өлкөбүздөгү жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү актуалдуу маселелер тууралуу сөз болду. Тактап айтканда, Президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдун турмушундагы маанилүүлүгүн ар дайым белгилеп келерин айттым. 

Мындан тышкары жолугушууда өлкөнүн мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү талкууланды. Окуяларды тең салмактуу чагылдыруу, анын ичинде коомчулук үчүн позитивдүү жаңылыктардын үлүшүн жогорулатуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысы Хамид Исмаилов, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкек бюросунун башчысы Бакытбек Асанов да катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button