Коом

ВИДЕО: Кассалык чек беришин талап кылгыла! Салык кызматы жарандарга кайрылды

Кассалык чек – сатып алуу же сатуу фактысын ырастоочу фискалдык документ болуп саналат.

Бирок кардарларга слип-чек же эквайринг-чек сыяктуу чектин башка дагы түрлөрү берилип жатканы айтылды. Аларда кыскача маалыматтар берилет жана ал кассалык чек болуп саналбайт.

Сатып алуучулар контролдук-кассалык машинадан берилген жана бир катар реквизиттерди камтыган кассалык чекти талап кылышы керек, тагыраагы, анда төмөнкүлөр болушу абзел:

субъект жөнүндө, башкача айтканда сатуучу жана сатылган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар;

төлөөнүн формасы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка маалыматтар;

сканерлөөдөн өткөндө аталган кассалык чек жөнүндө толук маалымат берген QR-код.

Салык кызматы жарандарды эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө кассалык чек берилбеген фактылар тууралуу (0312) 61-31-89 ишеним телефону же (0779) 61-31-89 (WhatsApp) мобилдик номери аркылуу кабарлоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button