Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берип жатат

Учурда вице-премьер-министр Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, Мамытов 2009-жылдагы кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү протокол боюнча прокуратуранын суроолоруна жооп берүүдө.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров буга чейин аталган протокол боюнча прокуратурада онго жакын сурак берип чыккан.
Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган.
Саясатчы 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ошол кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.



