Коом

Ош шаарында «Көңүл бургула балдар!» аталышындагы рейди өттү

Ош шаарында жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүүнү үйрөтүү боюнча «Көңүл бургула балдар!» аталышындагы рейди 8-9-февраль күндөрү жүрүп, ага авто мектептин окуучулары, мектеп окуучулары, Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык кызматкерлери катышты

2 күндүк рейддин жүрүшүндө курсанттар жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн кантип өтүшү керектиги боюнча калк жыш жайгашкан аймактарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Шаар аймагында авто мектептерде окуган курсанттары милициянын кайгуул кызматынын техникалык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте калк жыш жайгашкан аймактардагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөгү кырсыктарды болтурбоо үчүн андагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өтмөктөн кантип өтүү керектигин практика жүзүндө көрсөтүштү. Бул практикалык иш курсанттар үчүн да пайдалуу болуп, жол унаа кырсыктарын азайтууну көздөйт.

Рейддин максаты-жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, эл жыш жайгашкан жерлердеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө унаа кырсыктарын азайтуу болуп саналат, — деп билдирди Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button