Окуялар

Уурдалган малды союп, этин базардан сатып жиберген. Нарында мал уурдоого шектүү кармалды

Нарын районунун тургуну 1977-жылы туулган Н.К. жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылып, 2021-жылдын 24-декабрь күнүнөн 25-декабрь күнүнө караган түнү белгисиз себептер менен 1 баш малы (уй) короодон чыгып кеткен бойдон жок болуп жатканын айтып,  табышууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Аталган билдирүү Нарын РИИБү тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарын районунун  тургуну 1988-жылы туулган Ж.Б. кармалып күүнөсүн толугу менен мойнуна алган. Сурак учурунда шектүү уурдалган малды союп,  этин Бишкек шаарындагы базарлардын биринде   сатып жибергенин билдирген.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат,- деп айтылпт Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button