Коом

Президент Садыр Жапаров биринчи жолу Египетке расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу менен 4–5-ноябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Африка континентине расмий сапар менен барууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтөт. Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашуу каралган.

Расмий сапар учурунда экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда. Бул документтер кыргыз-мисир мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын бекемделишине шарт түзөт.

Сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын эгемендүүлүк жылдарында Африкага болгон биринчи расмий сапары болуп эсептелет жана өлкөнүн эл аралык аренадагы байланышын кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button