Сабырбек Жумабеков ага сын айткандарга да, аны колдогондорго ыраазычылык билдирди

Белгилүү дарыгер, академик, профессор Сабырбек Джумабеков социалдык тармактагы Фейсбук баракчасына азыркы иштери тууралуу коомчулукка төмөнкүдөй билдирүү калтырды:
Саламатсыздарбы!
Сиздерге билдирип кетким келет, биздин жумушубуз кадимки режимде уланууда. Күн сайын мен 5-6 операция жасаймын. Анан бөлүмдөрдү айланамын, 30-40 бейтаптарды кабыл алып турамын.
Мени колдогондорго жана биздин ишибизди түшүнбөй сын айткандарга да ыраазычылыгымды билдиремин. Мен үчүн жашоо уланууда: бейтаптар, операциялар, илим жана башка иштер жүрүүдө” – деп жазган академик Джумабеков.
Эскерте кетсек, жаңы жылдан кийин Сабырбек Жумабеков иштеген оорукана “тез жардам” ооруканасына өзгөрүп, Саламаттык сактоо министрлиги менен пикир келишпестиктер болуп келген.
Сабырбек Жумабековду колдогон дарыгерлер тобу жана коомчулук ага карата ар кандай пикирлерди айтып келет.



