Коом

Жыл башынан бери алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баалар 3,6%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын башынан тарта Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 1%ды түздүБул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымына караганда, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баалар 3,6%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга — 0,9%га, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер — 0,5%га, азык-түлүк эмес товарларга — 0,4%га кымбаттады.

«2022-жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү республиканын бардык аймактарында белгиленди», — деди Амангелдиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button