Коом
Мектеп окуучуларынын 2020/2021-окуу жылына каникулдарынын графиги

Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги, мектеп окуучуларынын 2020/2021-окуу жылына карата каникулдарынын алдын ала графигин маалымдады.
Министрликте каникулдар боюнча анча чоң эмес өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин да эскертишти.
Мектеп каникулдарынын алдын ала графиги:
- күзгү— 2 — 9-ноябрь;
- кышкы— 30-декабрь — 11-январь;
- жазгы — 22 — 30-март;
- жайкы — 25-май — 31-август.

Министрликтин чиновниктери, үчүнчү чейректе биринчи класстардын окуучулары үчүн кошумча каникул болушу мүмкүн экенин да айтышты.



