Окуялар

УКМК: Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан турак жайларды курууда өлкө мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Президенти С.Н.Жапаровдун жакын тууганынын атын жамынып алып, 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган «Памир-Строй» курулуш компаниясынын жооптуу адамдарына карата маалыматтар алынган.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы курулуш компанияларынын биринин ээси КР жараны «М.А.Ш.», жер тилке ээси «К.К.О.» аттуу жаран менен көп кабаттуу турак жай комплексин үлүштүк негизде куруу келишимин түзгөндүгү аныкталган

Бирок, 2024-жылы мамлекеттик органдар тарабынан сот органдарына жер тилкесин мамлекетке кайтаруу жөнүндө доо арыз берилип, мындан улам «К.К.О»го таандык турак жай аянтынын 10 пайыздык бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылган.

Түзүлгөн кырдаалдан жеке материалдык пайда табууну көздөгөн «М.А.Ш.», жер тилкесине тиешелүү маселелерди биротоло чечүү үчүн КР Президентинин жакын тууганына берүү зарылдыгын шылтоолоп, «К.К.О.»дон 500 миң АКШ долларын алган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында «М.А.Ш.» нын 500 миң АКШ доллар акча каражатын алдамчылык жолу менен ээлеп алгандыгы такталып, ал 2025-жылдын 11-июль күнү КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 21-мекемесине камакка алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button