Коом

Арасында кыздар да бар. Ош шаарында тоноо менен алектенишкен топ кармалды

Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну арыз менен Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 11-сентябрь күнү ал жашаган батирге түнкү саат 24.00 чамасында белгисиз 6  адам кирип келишип, аны жана бирге жашаган шеригин электрошокер менен бычактар менен   коркутушуп, 5 уюлдук  телефонун, 2 даана кол саатын, чач кургатуучу фен,  кийимдерин жана 2500 сом акчасын  тоноп кеткендигин билдирген. Арыздануучу кол салган 5 адамдын арасында 3 кыз болгондугун белгилеген.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, 2022-жылдын 28-февраль  күнү бул кылмышка тиешелүү топтун бардык мүчөлөрү ар кайсы райондордон кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Кармалгандар:

-2004-жылы туулган М.к.Н., Өзгөн районунун  тургуну,  эч жерде иштебейт:

-М.А., Кара-Суу районунун тургуну, эч жерде иштебейт;

-2000-жылы туулган С.к.А., Алай районунун  тургуну, эч жерде иштебейт;

-А.уулу Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт;

-2003-жылы туулган А.к.А., Баткен районунун  тургуну, эч жерде иштебейт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (тоноо) белгилери менен тергөө иштери улантылууда. Бул топтун башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенип жатат, — деп  билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button