Коом

Бишкекте согушка каршы митингге чыккан жарандык активистке айып пул салынды

5-марта Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында согушка каршы митингге чыккан жарандык активист Мирлан Атакозу-теги кармалды. Биринчи Май райондук милициясынан анын митингге катышканы үчүн эмес, милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбегендиги жана майда бейбаштык үчүн кармалганын билдиришти.

6-мартта жарандык активисттин бөгөт чарасы сотто каралып, Мирлан Асакеевге (Мирлан Атакозу-теги) 3 миң сом айып пул салынганы маалым болду. Сот аны “майда бейбаштык” боюнча актап, «ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» менен күнөөлүү деп табуу менен айып пул салды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button