Коом

ВИДЕО: УКМКнын кызматкерлери эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

2022-жылдын 4-6-мартында Казакстандын практикалык атуу ассоциациясы IV-Республикалык Эл аралык «Almaty Open 2022» тапанчадан атуу боюнча мелдешин уюштурду. Мелдешке Казакстан, Орусия, Германия жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

Спортчулар мыкты аткычты аныктап, көнүгүүнүн 13 түрү боюнча күч сынашышты. Мелдештин форматы ок атуучулардын жекече чеберчилигине жана калыстардын объективдүүлүгүнө таянып, куралдын ар кандай түрлөрү боюнча жеке жана командалык мелдеште жеңүүчүлөрдү аныкталды.

Турнирдин жыйынтыгында КР УКМКнын атайын күчтөрдүн жоокерлери экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды алышты,- деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button