Коом

Тажик-афган чек арасындагы атышууда Тажикстандын УКМК полковниги курман болду

Тажик-афган чек арасындагы атышуу жума күнгө караган түнү, тагыраагы, 28-апрелде болгон атышуудан Тажикстандын атайын кызматынын полковниги курман болгонун айтылууда.

Маалыматта маркум Комрон Раджабзода УКМКнын Хогора шаарындагы (Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун борбору) башкармалыгынын башчысы экендиги айтылды.

Афган Бадахшанынын сегиз жашоочусу курал-жарак, ок-дары жана баңгизат менен Тажикстандын чек арасына мыйзамсыз киришкен. Тажикстандык чек арачылардын токтогула деген буйруктарына баш ийбегендиктен атышуу башталган. Комрон Раджабзода аларды барымтага алууда жаракат алып, курман болгон.

Кылмышкерлер контрабандалык буюм, товарларды таштай салып (45 кг. героин, Калашников автоматы, ок-дары жана 10 миң доллар), Афганстан тарапка кирип кеткен. Окуя болгон жерден алардын тажикстандык үч шериги кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button