Коом

Ич күптүсүнүн, ызасынын капшабында калган Мадумаров

Аз күн мурда дайыма ылайыгы келсе да, келбесе да бийликти сындап, каралап, бийликтин иш-аракеттерине көлөкө түшүрүүнү өзүнүн миссиясы, милдети деп эсептеген Адахан Мадумаров УКМКнын дипломдорду текшерүү иш-аракеттерин сынга алып, анын тандоо жолдору менен болуп атканын айткан. Бирок ага бир да конкреттүү факты айта албай, жалпы сөздөр менен чектелди.

Сыягы, шакирти Орозайым Нарматованын диплому жасалма болуп калганы менен дагы деле макул боло албай жүрөт окшойт. Бийликке болгон ичкүптүсүн, кегин ушундай жолдор менен чыгарып, каралап, шек келтирүүгө өткөн өңдөнөт.  Дипломунун жасалма экенин, сынак сессия учурунда чет жерде жүргөнүн О. Нарматова өзү деле моюндап, кайрадан жогорку билим аларын айтты. Мадумаровго дагы кандай факты, далил керек? Же ушинтип каралап, сындай берсем  эл ишене берет деп ойлойбу?

УКМК дипломдорду текшерүү иштери жүрүп жатканын, текшерүүлөр бүткөндө мыйзамдарга ылайык тийиштүү процессуалдык чечимдер  кабыл алынарын билдирди. Ошо менен бирге УКМК  «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Кыянбек Сатыбалдиев жогорку окуу жайына жасалма документтерди тапшырганын, ушул эле партиядан депутатыкка талапкер Жолдошбек Токсобаев экинчи жогорку билим алуу үчүн жасалма дипломду колдонгонун маалымдады.

Бул фактыларга Адахан мырза эмне дейт? Дагы тандалма деп чыгабы? Учурда ондогон мамкызматкерлердин, чиновниктердин, ЖК депутаттарынын, судьялардын, аким, айыл өкмөт башчылардын жасалма дипломдор менен иштеп жүргөнү аныкталганын билдирди. Дайыма мыйзам, фактыга таянып сүйлөгөндү жакшы көргөн «Бүтүн Кыргызстандын» лидери А. Мадумаров эмнеге булар жөнүндө ооз ачпайт? Дипломдорду текшерүү  Мадумаровго каршы  жүргүзүлгөн жараян эместигин, мыйзамдарды бузуп, элди алдап,  бюджеттен мыйзамсыз акча алып жүргөн мамкызматкерлерди аныктап, мыйзам чегинде чара көрүү, алган акчаларын мамбюджетке кайтаруу экенин Адахан мырза эмнеге түшүнбөйт?  Албетте, эң жакшы түшүнөт, болгону өзүнүн оппозициялык миссиясын аткарып жатпайбы. Бийлик тарабынан кылынып аткан жакшы иштерди сөз кылуу эч качан  Мадумаровдун милдетине кирген эмес.

Бул өңүттөн алганда, А. Мадумаров саясатчы катары деградацияланып бүттү. Чыныгы элдик саясатчы элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кылынып аткан жакшы иштерди, аракеттерди  көрө билип, аны айта билет. Жакшыны жакшы, жаманды жаман дейт. Өзү үчүн ачуу болсо да чындыкты  айта алат.  Чындап келгенде Мадумаров  Камчыбек Ташиевдин  буга чейинки бийликтегилер, УКМК жетекчилери билсе да  билмексенге салышып, көз жумду мамиле кылышып келген дипломдорду мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөш жарыялап, дипломдордун  текшерилип, тартипке салуу, коррупциялык схемаларды жок кылуу аракетин колдоп, кубаттап, калыс пикирин айтса, жүзү жарык болмок. Өзүнүн жеке ич күптүсүн, кегин элдин, өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору коюп, ызасынын капшабында калып келатат. Бул чоң саясатчы үчүн аянычтуу, өкүнүчтүү көрүнүш.

Булак: Саясат.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button