Коом
Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
Түндө Жалал-Абад облусунун аймагында күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМден кабарлады.
«21-март күнү саат 22:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Чаткал районунун Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Коргон-Сай айылдарында төрт баллга чейин, Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында 3,5 баллга чейин, Беш-Арал, Чакмак-Суу, Терек-Сай айылдарында үч баллга чейин сезилди», — деп айтылат билдирүүдө.
ӨКМ жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.



