Окуялар

Спортчуларды авиабилетсиз калтырган алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкек шаарында авиабилеттерди сатуу учурунда алдамчылык кылган деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

4-августта милицияга 25тен ашык адам кайрылган. Алардын айтымында, аял авиабилеттерди даярдап берүү шылтоосу менен ар биринен акча алып, бирок милдеттенмелерин аткарган эмес.

Алдын ала эсеп боюнча келтирилген чыгым болжол менен 2 миллион 100 миң сомду түзөт. Так сумма аныкталууда.Бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

1993-жылы туулган шектүү аял кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда. Милиция башка жабырлануучуларды жана бул иш боюнча маалыматы бар жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга чакырат.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын таэквондо ITF боюнча улуттук курама командасы Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатына уча албай калган. Буга авиабилет маселесиндеги алдамчылык себеп болгону айтылган. Бул тууралуу Таэквондо ITF федерациясынын вице-президенти Сардор Рахимшайхов видео кайрылуусунда билдирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button