Коом
Эмгек министрлиги кызматкерлерге төлөнбөй калган 4,4 млн сомдон ашык айлыкты өндүрүп беришти

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эмгек инспекторлору кызматкерлердин пайдасына төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом эмгек акыны өндүрүп беришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүлгөн каражаттын көлөмү 38,8 пайызга азайган.
«Ошондой эле 2026-жылдын алты айында өндүрүштүк жаракаттан келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн кызматкерлерге 11 млн 380 миң 435 сом компенсация төлөнгөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80,7 пайызга төмөндөгөн», — деп айтылат маалыматта.



