Бишкекте 3-апрелде велосезон ачылат (программасы)

Бишкекте 3-апрелде велосезон ачылат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чаранын программасында веложарыш, сынактар, суусундуктар жана белектер камтылган.
Чогулуш пункту саат 09:00 Д.Асанов атындагы сейил бакта (Байтик Баатыр/Масалиев).
09:00 — 09:45 — катышуучуларды каттоо (16 жаштан жогору катталуу).
09:45 — Веложүрүштүн катышуучуларын түзүү.
10:00 — Д.Асанов атындагы сейил багынан Асанбай кичи районуна чейин жана артка.
10:30 — Финишке келүү (Д.Асанов атындагы сейил багы (Түштүк дарбаза).
11:00 — 13:30 — Салтанаттуу жана көңүл ачуучу бөлүктөрү. Жыйынтыктоо, иш-чаранын жабылышы.
Сезондун ачылышын борбор калаанын мэриясы “Вело friends позитив kg” коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаардык кеңешинин көмөгү менен уюштурууда.



