Коом

Унаалар ортосундагы аралыкты так сактаңыз! ӨКМ айдоочуларга кайрылды

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

1-2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга кайрылып, бир катар сунуштарды берди:

  • унааңызды кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырыңыз;
  • алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;
  • унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз.

Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button