Коом
Кыргызстанда канча пенсионер 50 миң сомдон жогору пенсия алары айтылды

Кыргызстанда учурда 1500дөн ашык пенсионер 50 миң сомдон жогору пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, 1-октябрдан тарта пенсиялар кайра эсептелип, камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга жогорулайт. Натыйжада минималдуу пенсиянын өлчөмү 8 800 сомду түзөт.
Соцфонд жетекчиси ошондой эле октябрь айында Кыргызстанда пенсионерлердин саны 803 миң адам болорун белгиледи.



