Коом

Бишкекте 120 көчөдө жол оңдоо иштери жүрүп жатат

Бишкекте ушу тапта 120 көчөдө жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери шаардын бардык райондорун камтып, жалпысынан 99 автоунаа жолунда жана 21 тротуарда жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата 56 көчөдөгү иштер толугу менен аяктады. Анын ичинен 43ү — унаа жолу, 13ү — тротуар.

Тектеш кабарлар

Back to top button