Коом
Казакстандык айдоочунун арызынан кийин Чүйдүн ЖКККББ кызматтык иликтөө баштады

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККББ) социалдык тармактарда кайрылуу жасаган Казакстандын жаранынын билдирүүсү боюнча кызматтык иликтөө баштады.
Мекеменин маалыматына ылайык, өзүн Казакстандын жараны катары тааныштырган эркек киши 29-июлдан 30-июлга караган түнү Кыргызстандан Казакстанга чыгып бара жатып, чек арага жакын жерде милиция кызматкери тарабынан токтотулганын билдирген.
Анын айтымында, кызматкер пара берүүгө кыйыр түрдө ишара кылып, басым жасаган. Ошондон улам ал акча берүүгө аргасыз болгонун айткан.
ЖКККББ кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.



