Пайдалуу кеңештер

Кеңседе кулердеги суу ден соолукка коркунучтуу инфекциялардын булагы болушу мүмкүн

Инфекционист дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Андрей Матюхин кеңселердеги кулерлердин суусу ден соолук үчүн кооптуу инфекциялар көбөйө турган жайга айланышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал «Газета.Ru» басылмасына билдирген.

Дарыгердин айтымында, коркунуч суунун өзүндө эмес, кулерди туура эмес тейлөөдө. Эгер аппарат жетиштүү деңгээлде тазаланбаса, анын ичинде жылуу жана нымдуу чөйрө пайда болуп, микроорганизмдердин көбөйүшүнө шарт түзүлөт.

Матюхин бактериялардын негизги топтолгон жерлери катары кулердин крандарын жана суу тамчылары чогулган бөлүгүн атады. Ал жерлерде ичеги таякчасы жана стафилококк көбөйүшү мүмкүн. Ал эми түтүктөрдүн ичиндеги биопленкада көк ириң таякчасы (синегнойная палочка) көбөйүшү ыктымал.

«Аппараттын ичи караңгы жана нымдуу болгондуктан, ал жерде көгөргөн тактар активдүү пайда болот. Козу карындардын споралары аллергия, астма жана ичеги-карын ооруларына алып келиши мүмкүн. Мунун алгачкы белгилери жыт же даам аркылуу байкалбайт», — деди дарыгер.

Ошондой эле адис кир идиштер менен байланышкан учурда кулердин крандарына листериялар, сальмонеллалар жана Candida түрүндөгү ачыткы козу карындары түшүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button