Окуялар

Ошто турак үйдүн дубалы урап, бир адам каза болду

Ошто турак үйдүн дубалы урап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Касымов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ээси эшигин ачпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучусу тартылган.

Куткаруучулар турак үйдүн эшигин ачкан кезде, үйдүн ички дубалы уурап түшүп 75 жаштагы Б.А. аттуу эркек кишини басып калгандыгы аныкталган.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн чыгарып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button