Коом

Бир айдан бери дайынсыз. Чүйдө 40 жаштагы Карим Ондобеков изделүүдө

Чүй облусунун Сокулук районунда 1982-жылы туулган Карим Ондобеков дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын ноябрь айында Сокулук районуна иштөө үчүн келип, 2022-жылы 27-28-февралда байланышка чыгып ошол бойдон дайынсыз болууда. Күбөлөрдүн айтымында, аны акыркы жолу Бишкек шаарындагы «Ош базарынан» көрүшкөн.

Өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, кыска, көзү кара, сакалы же муруту болушу ыктымал.

Кийген кийимдери: кара түстөгү күрмө, кара түстөгү шым, кочкул көк түстөгү кроссовка.

Жогорудагы жарандын жүргөн жерин билгендер төмөнкү телефон номерлер аркылуу билдирсе болот: 0(312) 60-75-67, 0(705) 67-39-39.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button