Коом

Баткенде бангизатын сатам деп жүргөн жаран кармалды

Лейлек РИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкеринин ыкчам маалыматтарынын негизинде кылмыш иши козголуп, Баткен районунун аймагында белгисиз жаран жашыруун түрдө бангизатын колдонуп жүргөндүгү  боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп баштайт. 

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районунун 34 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну Баткен шаарынан кармалып,  тинтүү учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү бангизатына окшогон зат табылып алынган.

Алынган затка тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусунда 2,72граммдан ашуун “гашиш” наркотикалык зат экендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button