Коом

Саламаттык сактоо министри оорукананы текшерүү учурунда, улгайган бейтапка операция жасады

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов 87 жаштагы бейтап аялдын өмүрүн сактап калууга жардам берди.

Маалыматка ылайык, министр Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиохирургия бөлүмүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен пландан тышкары таанышып жаткан учурда, курч миокард инфаркты менен 87 жаштагы бейтаптын тез арада ооруканага жаткырылганына күбө болгон.

«Бейтап өтө оор абалда келип түшүп, ага тез арада жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү зарыл болгон. Министр дарылоону уюштуруу иштерине ыкчам аралашып, инфарктка себеп болгон коронардык артерияга стент коюу операциясын өзү жүргүздү.Зарыл болгон медициналык жардам — стент коюу — «КМИ 24/7» (курч миокард инфаркты) программасынын алкагында акысыз көрсөтүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button