Пайдалуу кеңештер

Чиркей чаккан жердин кычышуусун кантип тезирээк басаңдатса болот?

Дарыгер Триша Пашрича чиркей чаккан жердин кычышуусун кантип тезирээк басаңдатса болорун айтып берди. Ал бул ыкманы Surrey Live басылмасына берген маегинде түшүндүргөн.

Дарыгердин айтымында, кычышууну басаңдатуу үчүн чаккан жерге эки манжаңыздын учу менен акырын тийип, бир нече жолу тегерете кыймыл жасоо керек.

Ал сунуштаган экинчи ыкмада чаккан жерге түздөн-түз тийүүнүн деле кереги жок — андан бир нече сантиметр алысыраак жайгашкан терини акырын сүртүү жетиштүү.

Пашрича мунун таасири кычышуу нерв талчаларынын активдүүлүгүндөгү айырмадан улам пайда болору менен түшүндүрүлөрүн айтты. Чаккан жердеги нервдер активдешсе, анын айланасындагы нервдер активдүү болбой калат. Терини акырын сылап-сүртүү бул айырмачылыкты азайтууга жардам берет.

Бирок дарыгер эскерткендей, теринин чоң аянтына таасир этсеңиз, мындай ыкманын натыйжасы болбойт.

Тектеш кабарлар

Back to top button